• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 6 учуру катталды

COVID - 19 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда акыркы бир аптада коронавирус инфекциясынын 6 учуру катталды.

Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 1 жана Чүй облусунда 3 учур аныкталган.

Адистер республикадагы сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция жана COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүүнү улантууда.

Эпидемиологиялык кырдаал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий