• 88.68
  • 95
  • 0.95

Эмгек министрлигинин соцмекемелерине 1,5 миң тонна көмүр жеткирилди

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык мекемелерине 1,5 миң тонна көмүр жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Социалдык коргоо департаментинин директору Актан Балбаков ведомствонун коллегиясында билдирди.

"Күз-кыш мезгилинде Министрликтин социалдык стационардык мекемелерине 1542,9 тонна көмүр жеткирилген, бүгүнкү күндө көмүрдүн калдыгы 764,3 тоннаны түзөт. Бардык жеткирүүлөр муктаждыкка жана графикке ылайык жүргүзүлдү", - деди ал.

Анын айтымында, министрликтин системасында жалпысынан 76 ведомстволук жана аймактык бөлүмдөр иштейт. Анын ичинен 28 мекеме катуу отун менен жылытылат.

Катуу отун алууга республикалык бюджеттен 9 619,6 миң сом каржыланган.

Пикир

Оставить комментарий