• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Кореядагы элчиси KOICA башчысы менен биргелешкен долбоорлорду талкуулады

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) президенти Чанг Вон Сам менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Аида Исмаилова KOICA ишмердүүлүгүн жана өкүлчүлүктүн Кыргызстандагы ишин жогору баалады. Кыргызстан ӨРЖ чөйрөсүндө кызматташуу үчүн артыкчылыктуу өлкөлөрдүн катарына кирерин баса белгилеп, буга байланыштуу эки тараптуу кызматташуу үчүн долбоорлордун пакетин көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

"Тоо беш жылдыгын" ишке ашыруу боюнча улуттук жол картасын бекитүү жана 2027-жылы Кыргызстанда биринчи саммиттен 25 жыл өткөндөн кийин "Бишкек+25" экинчи Глобалдык тоо саммитин өткөрүү пландаштырылып жаткандыгы жөнүндө маалымдады. Буга байланыштуу корей тарапты активдүү катышууга жана тоо экосистемаларын сактоого өз салымын кошууга чакырды.

Чанг Вон Сам Кыргызстандагы KOICAнын ишмердүүлүгүнө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, KOICA кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары, тактап айтканда айлана-чөйрө, айыл чарба, мамлекеттик башкаруу жана саламаттык сактоо тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну улантат.

Жолугушуунун аягында тараптар гранттык-техникалык кызматташтыкты мындан ары бекемдөө максатында KOICA президентинин иш сапарын уюштурууну талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий