• 88.68
  • 95
  • 0.95

Новосибирскте турак үйдө газ жарылып, эки кыргызстандык жабыркады

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Новосибирск шаарында турак үйдө газ жарылып, эки кыргызстандык жабыркады. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-февралда эртең мененки саат 07:43тө Линейный көчөсүндөгү №39 турак үйдө газ жарылган.

Натыйжада Кыргызстандын эки жараны - 1993-жылы туулган А.уулу Т. жана 1978-жылы туулган А.А.К. жабыркаган.

КР жараны А. уулу Т. көмүр кычкыл газына ууланган, абалы орто оор деп бааланып, Новосибирск шаарындагы 34-шаардык оорукананын токсикология бөлүмүнө жаткырылган. Ал эми кыргызстандык А.А.К. омурткасы сынып, Новосибирск травматология жана ортопедия илим-изилдөө институтуна жаткырылып, операция жасалган.

"9-февраль саат 18:00гө карата каза болгон КР жарандары тууралуу маалымат жок. Учурда издөө-куткаруу иштери жүрүп жатканына байланыштуу жабыркагандар жана каза болгондордун саны боюнча маалыматтар толукталууда",- деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулу А.А.Айдарбеков КР жараны А.А.К.нын абалынан кабар алып, КР жаранына медициналык жардам көрсөтүү боюнча дарыгерлер менен сүйлөштү.

Ошондой эле Кыргызстандын башкы консулдугунун кызматкерлери кырсык катталган жерге барып, Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана Тергөө комитетинин кызматкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Белгиленгендей, бул окуя Кыргызстандын башкы консулдугунун жеке көзөмөлүндө.

Пикир

Оставить комментарий