• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Чүй жана Ч.Айтматов проспектилеринин жээгиндеги жалпы аянты 216 чарчы метрди түзгөн бастырма буздурулду.

Ошондой эле "Манеж" ЖЧКсы тарабынан Ч.Айтматов проспектисин бойлой "Т" түрүндөгү 2 жарнак конструкциясы алынды.

Мындан тышкары, Бөкөнбаев көчөсүнүн №95 дарегинин жээгинде жайгашкан "Риха" дүкөнү, Ч.Айтматов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде, Ч.Айтматов проспектиси №66 дарегинде жайгашкан "Т" жана "Г" формасындагы эки жарнак конструкциясы алынды.

Буга чейин комиссия жарнамаларды жайгаштыруу эрежелеринин сакталышы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, билдирүүлөрдү тараткан.

Пикир

Оставить комментарий