• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Дүйнөлүк банк менен кызматташат

Коом 0

Бишкек, 31.03.22. /Кабар/. Кечээ, 30-мартта КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Дүйнөлүк банктын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча башкы адиси, жумушчу топтун жетекчиси Даниел Кулл, теңжетекчиси Толкун Жукушованы жана гидрометеорология боюнча эксперти Фатих Кайяны кабыл алды.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолгушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун негизинде долбоордун учурдагы фазасын ийгиликтүү жүзөөгө ашыруу талкууланды.

“Бул долбоордун алкагында Кыргызгидромет кызматынын материалдык абалын мындан ары да жакшыртуу иштери турат. Бул кызматтын берген так маалыматы калкка абдан керек. Гидрологиялык тармактын байкоочу пункттарын калыбына келтирүү жана гидрологиялык жабдууларды орнотуу, байкоолордун тармагын, жолдорду, ири шаарларды, мөңгүлөрдү автоматтык метеостанциялар менен жабдуу зарылчылыгы турат. Ошондой эле бийик тоолордогу жарылып кетүү коркунучу бар көлдөрдү жана мөңгүлөрдү көзөмөлдөө үчүн көчмө экспедициялык бөлүмдү түзүү мөңгүлөрдү изилдеген окумуштууларга да жеңилдик болот”, - деди министр Бообек Ажикеев.

Өз кезегинде Даниел Кулл эки тараптуу кызматташуунун негиздерине токтолуп өттү.

“Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте долбоордун фазасы өз жыйынтыгын берди деп ойлойм. Учурдагы долбоордо Кыргызгидромет кызматынын жабдыктарын жаңылоо, мындан ары да жакшыртуу сунуштары берилген.

Элдин кызыкчылыгы үчүн өз убагында ишке ашырууга болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшайбыз”, - деген Бүткүл Дүйнөлүк банктын табигый кырсыктарды башкаруу боюнча башкы адиси Даниел Кулл министрлик менен эки тараптуу кызматташуу ийгиликтүү болооруна басым жасады.

Министрдин айтымында, Дүйнөлүк банктын жардамы менен ӨКМдин алдындагы Кыргызметеорология кызматын жакшыртуу максатында, долбоордо эки көчмө мониторингдөө лобараториясы, метеорологиялык маалыматты реалдуу убакытта кабыл алуу үчүн 23 автоматтык станция,10 гидрологиялык постту модернизациялоо каралып, долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу менен аяктаган. Алсак, эки көчмө гидрологиялык мониторингдөө лобараториясы ишке киргизилди.

Мындан сырткары Кыргызгидрометтин жогорку ылдамдыктагы локалдык тармагын жана сервердик жабдууларга мониторинг системасы түзүлүп, бир катар иш-чаралар аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий