• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КРнын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө 14 миң меш сатып берүү демилгеленди

Коом 0

Бишкек, 28.11.18. /Кабар/. Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 14 миң энергиялык натыйжалуу мештерди алып берүү ниеттенилүүдө. Парламенттин отурумунун жүрүшүндө белгилүү богондой, 46 млн. доллар насыянын 5 млн. долларына грант катарында меш сатып алуу пландалып жатат.

Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин аткаруучу директору Бекжан Супаналиев билдиргендей, ага Ош жана Нарын облустары тандалып, андагы 4 район белгиленген.

Бирок мындай демилге депутаттардын нааразылыгын жаратты. Депутат Дастан Бекешов каражаттар пайдалуу жактарга жумшалса болмок деген пикирин билдирди.

Ал мындай демилгелер менен мамлекеттин деңгээлинде насыя, гранттар суралып жатканына нааразы болду. Мындан тышкары эл өкүлү мештер аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жетерине күмөнү бар экенин, себеби аны эч ким көзөмөлдөй албасын айтты.

“Эгерде андай болсо, ал мештерди социалдык объектилерге, мисалы мектептерге бергиле”, - деди ал.

Супанаев мештер Кыргызстанда өндүрүлө турганын, негизги максаттардын бири өндүрүштү колдоо экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, аз камсыздалган үй-бүлөлөр мешти алуу үчүн анын 30% наркын төлөп бериши керек болот.

Пикир

Оставить комментарий