• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Элчи Өмүралиев "ОСТИМ" өнөр жай аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 21.09.21. /Кабар/. Кыргызстанга инвестиция тартуу жана жаңы өндүрүш аянттарын ачуу максатында 2021-жылы 20-сентябрында Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анкара шаарындагы "ОСТИМ" уюштурулган өнөр жай аймагынын башкаруу кеңешинин төрагасы Орхан Айдын менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мурун жылдырылган О.Айдын башында турган ОСТИМдин делегациясынын 2021-жылдын 4-6-октябрындагы Кыргызстанга боло турган сапарын талкуулашты.

Элчи Өмүралиев маектешине Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн шарттары жөнүндө маалымат берди жана өндүрүштү ачууга чакырды, муну Кыргызстандан ЕАЭБдин базарына жана ЖПС+ программасынын алкагында Европа биримдигинин өлкөлөрүнө продукцияны бажы төлөмдөрсүз экспорттоо мүмкүнчүлүгү менен негиздеди.

О.Айдын ОСТИМдин компанияларынын Кыргызстандагы ишмердүүлүккө болгон кызыгуусу жана 22 кишиден турган аталган өнөр жай аймагынын делегациясынын курамы жөнүндө элчиге маалымат берди.

Маалымат үчүн: "ОСТИМ" өнөр-жай аймагы Анкарадагы биринчи өнөр-жай аймагы. 1967-жылы Джеват Дүндар жана ишкерлер тобу тарабынан негизделген. Учурда өнөр-жай аймагынын майданы 5 миллион квадрат метрге барабар. ОСТИМ өнөр-жай аймагы 6200 чакан жана орто ишканаларды камтыйт, анда 60 миңден ашуун адам 17 сектордо жана 139 багытта иштейт. ОСТИМге мүчө компаниялар коргоо, авиация, темир жол системалары, медицина, курулуш техникасы, маалымат технологиялары, энергетика ж.б. тармактарда иш алып барат.

Пикир

Оставить комментарий