• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Коом 0

Бишкек, 26.01.20 /Кабар/. Кыргызстанда коронавирус катталды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Мындай маалыматты Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги таркатты.

Мессенджерлер аркылуу тарап жаткан Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына коронавирусту жуктуруп алган бейтап жаткырылды деген маалымат чындыкка дал келбейт, деп айтылат маалыматта.

КР Саламаттык сактоо министрлиги бүгүнкү күнгө карата республиканын аймагында коронавирусту жуктуруп алган учур катталбагандыгын дагы бир жолу эске салат. Республикалык штаб вирустун жаӊы түрүнө байланышкан кырдаалды тынымсыз көзөмөлдөп жатат.

Жарандардан такталбаган жалган маалыматтарды таратпоосун өтүнөбүз, деп айтылат министрликтин маалыматында.

Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

- Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;
- Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;
- Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;
- Эт жана жумурканы жакшылап бышырып колдонуу;
- Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;
- Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Пикир

Оставить комментарий