• 88.68
  • 95
  • 0.95

13-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Бүгүн, 13-майда, күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, бийик тоолордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 22…27, Таласта 21…26, Ысык-Көл жана Нарын облустарында 15…21 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын табы 25…30 градуска чейин ысыйт.

Бүгүн Бишкек шаарында күндүз жаан жаашы күтүлөт . Абанын температурасы 23…25 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий