• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Сокулукта жаранга уурдалган малы кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районунда жаранга уурдалган малы кайтарылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Военно-Антоновка айылынын Үмөт Кененбаев аттуу тургуну Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө ыраазычылык кат менен кайрылган.

Кененбаевдин ыраазычылык катында үсүбүздөгү жылдын май айында эки баш уюн белгисиз бирөөлөр уурдап кеткени, тескөөчү арыздын негизинде иш алып барып, 2-июнда жоголгон малды таап, ээсине кайтарып бергендиги жазылган.

Кененбаев белгилегендей, жоголгон убакыттан бери бир ую тууп, музоосу менен кайтарылган.

Пикир

Оставить комментарий