• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда электр жана жылуулук энергиясы үчүн жаңы тариф саясаты иштелип чыгат

Коом 0

Бишкек, 05.02.24. /Кабар/. Кыргызстанда электр энергиясы жана жылуулук энергиясы үчүн жаңы тариф саясаты иштелипч ыгат. Бул тууралуу энергетика министри Талайбек Байгазиев "Биринчи радионун" эфиринде маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы тариф саясаты заманбап талаптардан артта калууда.

"Өлкөдө орто мөөнөттөгү тариф саясатын түзүү үчүн социалдык кароо жүргүзүү зарыл. Ошондой эле калктын социалдык жактан аялуу катмарын коргоону камсыз кылуу менен жаңы тариф саясаты ийкемдүү болуп, мезгилдүүлүктү, географиялык зоналарды жана убакытты эске алышы керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий