• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын элчиси Шри-Ланканын тышкы иштер мамлекеттик министри менен жолукту

Саясат 0

Бишкек, 05.02.24./Кабар/. Кыргызстандын элчиси Аскар Бешимов менен Шри-Ланканын Тышкы иштер мамлекеттик министри Тарака Баларусиянын жолугушуусу өттү.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, жолугушууда элчи Бешимов кыргыз тарап Шри-Ланка менен достук мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Тараптар Кыргызстан менен Шри-Ланканын ортосундагы кызматташтык көп тараптуу уюмдардын алкагында жемиштүү өнүгүп жатканын баса белгилешти. Өлкөлөр эл аралык аренада көп тараптуу кызматташтыктын маселелери боюнча бирдиктүү жана терең өз ара түшүнүшүүгө ээ.

Соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар эки тараптуу соода мамилелеринин болгон потенциалы биринчи кезекте географиялык алыстыкка жана транспорттук-коммуникациялык байланыштарды түзүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу толук пайдаланылбай жаткандыгы жөнүндө пикирге келишти.

Элчи Бешимов Кыргызстандын инвестициялык потенциалы тууралуу кыскача маалымат берип, чакан ГЭС куруу тармагында мүмкүн болуучу кызматташуу өзгөчө кызыгууну туудурду.

Баларусия Шри-Ланканын кичи ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча зор тажрыйбасын белгилеп, Шри-Ланка тараптын бул тармакта тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бардык аспектилерде бекемдөө жана кеңейтүү үчүн байланыштарды улантууну макулдашышты.

Ошондой эле элчи Аскар Бешимов ушул эле күнү "СЕС Group" компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Ашок Рандени менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанга Шри-Ланкадан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Тактап айтканда, Рандени мейманканаларды, конок үйлөрүн куруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана туризм боюнча биргелешкен долбоорлорго 25-30 млн.АКШ долл. инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Тараптар 2024-жылдын биринчи жарымында түз бизнес байланыштарды жана тиешелүү келишимдерди түзүү үчүн "CEC Group" компаниясынын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашты.

Маалымат үчүн: "CEC Group" Шри-Ланканын курулуш, туризм жана айыл чарба тармагындагы алдыңкы компаниялар тобунун бири.

Пикир

Оставить комментарий