• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда 4 айда 88,5 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду

Экономика 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Кыргызстанда 2024-жылдын январь-апрель айларында 88 млрд 575,7 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү чогултулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Белгиленген план 3,8 млрд сомго ашыгы менен аткарылды.

2023-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу жыйымдардын көрсөткүчтөрү 15 млрд 61,5 млн сомго көбөйгөн.

Анын ичинде 64 млрд 801,3 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналып, план 298 млн сомго ашыгы менен аткарылды. 2023-жылдын 4 айына салыштырмалуу жыйымдар 11 млрд сомго көбөйгөн.

Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 23 млрд 774,4 млн сомду түзүп, план 3,5 млрд сомго ашыгы менен аткарылды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,07 млрд сомго көп.

Белгилей кетсек, апрель айында 23 млрд 61,6 млн сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү жыйналып, план 970,7 млн сомго ашыгы менен аткарылды.

Пикир

Оставить комментарий