• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Шашылыш билдирүү! Өлкө аймагында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу чукул билдирүү таратты.

Ага ылайык 10-12-май күндөрү туруксуз аба-ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Республиканын дарыяларында суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Мындан улам, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле арыктарды таштандылардан тазалап, жээктерин бекемдөөнү сунуштайт.

Пикир

Оставить комментарий