• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте прокурордук актынын негизинде мамлекетке 150 млн сом өндүрүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.02.24. /Кабар/. Бишкекте прокурордук актынын негизинде мамлекетке 150 млн сом акча каражаты өндүрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда прокуратура органдары тарабынан мамлекетке келтирилген зыянды кайтарууга багытталган прокурордук иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан Жогорку сотко караштуу Сот департаментине келтирилген прокурордук актынын негизинде, 2012-2019-жылдар аралыгында мамлекетке төлөөдөн баш тартып келген “А” ЖЧКсынын жетекчиси А.К.Т. эсебинен мамлекетке милдеттүү салык төлөмү болгон 150 млн 82 миң сом акча каражаты өндүрүлдү.

Бул багытта прокуратура органдары тарабынан иш-чаралар үзгүлтүксүз улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий