• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте 3 миңден ашуун аз камсыз болгон үй-бүлө көмүрдүн ордуна компенсация алды

Коом 0

Бишкек, 19.05.23. /Кабар/. Бишкекте 2022-2023-жылдарга жылуулук берүү мезгилинде 3 миң 297 аз камсыз болгон үй-бүлө катуу отундун ордуна акчалай компенсация алды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алдыдагы жылытуу мезгилине калкты көмүр менен камсыз кылуу үчүн отун базаларына 136,1 миң тонна көмүр жеткирүү, 4 миң 25 аз камсыз болгон үй-бүлөгө акчалай компенсация берүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий