• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан жана Кувейт маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашат

Коом 0

Бишкек, 09.03.23. /Кабар/. Кыргызстан жана Кувейт мамлекетинин ортосунда маалымат чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу макулдашылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кувейттин Маалымат министрлигинин Эл аралык кызматташтык департаментинин директору Мазен Али Аль Ансари менен жолугушту. Тараптардын жолугушуусу III экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-кувейт өкмөттөр аралык комиссиясынын отурумунун алкагында Эль-Кувейт шаарында өткөн.

Жолугушуунун алкагында министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу министрликтер ортосунда мурда кол коюлган келишимдин негизинде эки өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары жаатындагы ишти негизинде жигерилештирүү зарыл экендигин белгиледи.

Жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн туристтик дараметин ЖМКда чагылдыруу, кеңири жана эркин маалымат алмашуу, телерадиоберүү жана басма сөз жаатындагы адистерди алмашуу жана башка маселелерде бири-бирин колдоо боюнча мындан аркы кызматташууну талкуулашты.

Бул макулдашуулар эки мамлекеттин ортосундагы маданий байланыштардын, каада-салттарынын жана достук мамилелери аркылуу жетишилген, бул өлкөлөр ортосундагы өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө, урматтоого жана ишенимге негизделген мамлекеттердин ортосундагы достук өнөктөштүктү андан ары өнүктүрүү үчүн чоң маани берет.

Пикир

Оставить комментарий