• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Облустук ооруканалардагы компьютердик томографиялар күнү-түнү иштейт. Даректери

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Облустардагы бардык мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарындагы компьютердик томография кабинеттери бейтаптарды күнү-түнү кабыл алат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрлик мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында диагностиканын заманбап жогорку технологиялык ыкмаларына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. Республиканын калкына өз убагында консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу максатында саламаттыкты сактоо уюмдарында орнотулган компьютердик томографтар (КТ) күнү-түнү иштөөгө өттү.

Мындан тышкары, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилерине диагностикалык кызматтардын баасын 1500 сомдон ашпай тургандай кылып иштеп чыгуу тапшырылды.

"Бүгүнкү күндө компьютердик томографтар Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Ош жана Талас облустарындагы беш облустук бириктирилген ооруканаларда иштеп жатат. Сатып алынган жабдуулар саламаттыкты сактоо системасына жеринде ар кандай ооруларга заманбап диагностикалык кызматтарды көрсөтүүгө, жергиликтүү саламаттыкты сактоо системаларынын потенциалын жогорулатууга, ошондой эле биздин өлкөнүн аймактарында жогорку технологиялык диагностиканын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле медициналык “сүрөттөрдү” борборлоштурулуп сүрөттөө үчүн маалымат системасын түзүү боюнча иштер башталды.

Быйыл Дүйнөлүк банктын “COVID-19га ыкчам чара көрүү” жана “Кыргызстандагы табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу ERIK-CERC” долбоорлорунун алкагында эки ядролук магниттик-резонанстык томографтарды жана эки ангиографты, Азия өнүктүрүү банкы аркылуу эки компьютердик томография жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору аркылуу алты компьютердик томографияны жеткирүү күтүлүүдө.

Компьютердик томографиядан өтүүгө боло турган саламаттыкты сактоо уюмдарынын даректери:

- Ош облустар аралык бириккен ооруканасы. Дареги: Ош шаары, Верхне-Увамская көчөсү, 1. Байланыш телефондору: (0555) 68-33-44;

- Жалал-Абад облустук бириккен ооруканасы. Дареги: Жалал-Абад шаары, Пушкин көчөсү, 91;

- Талас облустук бириккен ооруканасы. Дареги: Талас шаары, Бердике Баатыр көчөсү, 1а. Байланыш телефондору: (0700) 35-92-23;

- Нарын облустук бириккен ооруканасы. Дареги: Нарын шаары, Качкынов көчөсү, 5. Байланыш телефондору: (0706) 20-30-21;

- Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы. Дареги: Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү, 2. Байланыш телефондору: (0701) 96-01-44; (0703) 46-52-97

Пикир

Оставить комментарий