• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкектин вице-мэри бала бакчалардын башчылары менен жолукту. Эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарында вице-мэр Виктория Мозгачеванын, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлорунун катышуусунда жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жолугушууда бала бакчалардагы балдардын сапаттуу тамактануусун уюштурууга көзөмөлдү күчөтүү талкууланды.

Жыйындын жүрүшүндө мэрдин орун басары Виктория Мозгачева №173 бала бакчада жагымсыз абал түзүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле ар бир жетекчи мындай кырдаал жаралганда райондук билим берүү башкармалыгына билдирүүсү керектигин эскертти. Ал ошондой эле борбор калаадагы билим берүү мекемелери үлгүлүү болуп, мындай окуялардын алдын алуу керектигин кошумчалады.

Мындан тышкары, мэрдин орун басары ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынганын эске салды.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармакта Бишкек шаарындагы бала бакчалардын биринде балдарга даярдалган тамактын ичинде курт жүргөндүгү тартылган видео тараган. Андан соң видео борбор калаадагы №173 мектепке чейинки билим берүү мекемесинде тартылганы аныкталган.

Мэриядан билдиришкендей, борбор калаанын билим берүү башкармалыгы тарабынан жогоруда аталган бала бакчада тамак-аш азыктарын сактоо эрежелеринин бузулушун текшерүү үчүн комиссия түзүлүп, бала бакчанын жетекчиси Кеперакунова Айжан Султанбековна ээлеген кызматынан бошотулган.

Пикир

Оставить комментарий