• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын делегациясы БУУнун Балдар укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясына катышууда

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын делегациясы үстүбүздөгү жылдын 12-13-сентябрь күндөрү Женевада өтүп жаткан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар укуктары боюнча комитетинин 94-сессиясына катышууда. Бул тууралуу ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын балдар укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева жетектеген делегациянын курамына Саламаттык сактоо министрлигинин, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, Жогорку соттун жана баланын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө боюнча функцияларды аткарган башка мекемелердин өкүлдөрү кирди.

2019-жылы кыргыз Өкмөтү Баланын укуктары боюнча Конвенцияны (БУК) ишке ашыруу боюнча 5- жана 6-мезгилдүү баяндамаларын сунуштаган. Быйыл БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитети көйгөйлөрдүн тизмесин өкмөткө жолдоп берген, ага кошумча такталган жооптор берилди. Ошонун негизинде БУУнун комитетинде өкмөт менен коомдук диалог өткөрүлөт.

Бул диалогдун жүрүшүндө кыргыз делегациясы улуттук жана жергиликтүү деңгээлдерде Баланын укуктары жөнүндө конвенциянын ишке ашырылышы жөнүндө отчет берет. Анын ичинде дене-бой жазаларын токтотуу, эрте никенин алдын алуу, балдар мекемелериндеги балдардын көйгөйлөрүн чечүү, мигрант ата-энелердин балдарын колдоо, майыптыгы бар балдарды стигмалоо менен күрөшүү, ошондой эле балдардын ден соолугуна таасирин тийгизген абанын булганышын азайтуу боюнча стратегиядагы жетишкендиктерге кеңири токтолот.

Курамына 18 көз карандысыз эл аралык адис кирген БУУ комитетинин жолугушуусу БУУнун каналында 12-сентябрда саат 19:00дө жана 13-сентябрда саат 14:00дө онлайн көрсөтүлөт (Бишкек убактысы боюнча).

Диалогдун жыйынтыгы менен БУУнун Балдардын укуктары боюнча комитети Кыргызстанда Баланын укуктары жөнүндө конвенцияны ишке ашырууну жакшыртуу жана тездетүү боюнча Өкмөткө сунуштарды берет.

Пикир

Оставить комментарий