• 88.68
  • 95
  • 0.95

Андрей Кондрашов КМШнын маалыматтык кеңешинин төрагасы болуп шайланды

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов КМШнын маалыматтык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.

Мындай чечим курамына КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат каражаттарынын жетекчилери кирген маалыматтык кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Иш-чара мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында өтүүдө.

Кесиптештери Андрей Кондрашовду куттукташып, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалашты.

"Мен биздин жалпы кызыкчылыктарыбызды илбирстей коргойм. Мага көрсөтүлгөн ишеним үчүн терең ыраазычылык билдирет", - деди Кондрашов.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат каражаттарынын жетекчилери кирген маалыматтык кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Кеңештин ишине ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов, ТАССтын башкы директорунун орун басары Михаил Гусман, Беларусь телеграфтык агенттигинин башкы директору Ирина Акулович жана КМШнын медиа структураларынын башка көрүнүктүү өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий