• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КМШнын маалыматтык кеңешинин жыйыны өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында курамына КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик маалымат каражаттарынын жетекчилери кирген маалыматтык кеңешинин жыйыны өтүүдө.

Жолугушууну “Кабар” маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев ачты. Ал кесиптештери менен жылуу учурашып, КМШнын маалыматтык майданында өз ара аракеттерди бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен катар Шерметалиев эл аралык мамилелерде турбуленттүүлүк күч алган учурда маданиятты, тарыхты жана салттуу баалуулуктарды сактоого багытталган күчтөр өзгөчө маанилүү экенине басым жасады.

"Жакында эле Минск шаарында өткөн КМШнын II оюндарын чагылдырууда биздин өз ара аракеттешүүнүн оң тажрыйбасын белгилегим келет. Оюндар Шериктештиктеги эң сонун спорттук иш-чарага айланды жана күйөрмандардын чоң аудиториясын тартты. Кыргызстандын көрүүчүлөрү жана окурмандары спорттук беттештерди кызыгуу менен күбө болуп атышты.

Маалыматтык кеңештеги кесиптештериме бир айдан кийин Бишкекте өтө турган КМШнын жаштардын Дельфий оюндарын чагылдырууга дагы активдүү катышып берүүсүн өтүнөм. Көркөм, илимий жана техникалык чыгармачылыктын дисциплиналары боюнча бул прикладдык сынактар ​​таланттуу балдардын жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүүгө шарт түзүп, искусство, маданият жана илимий ишмердүүлүк сыяктуу тармактарда чыгармачылык чечимдерди табууга түрткү берет", - деп белгиледи Шерметалиев.

КМШнын маалыматтык кеңешинин жыйынынын катышуучуларына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жолдоду.

“Садыр Нургожоевич сиздердин ишиңиздердин жемиштүү жана ийгиликтүү болушун каалайт жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достукту чыңдоого жана маалыматтык өз ара аракеттенүүгө негизделген шериктештиктин ишенимдүү пайдубалын түзүүгө багытталган КМШнын маалыматтык кеңешинин чечимдерин колдоого даяр.

Ал эми өз атымдан эл аралык кырдаалдын курчуган мезгилинде КМШнын мамлекеттик маалымат агенттиктеринин ортосундагы байланыштарды өнүктүрүү өзгөчө мааниге ээ экендигин кошумчалагым келет. Ошондой эле шериктеш өлкөлөрдүн элдеринин маданиятына, каада-салттарына жана баалуулуктарына урмат-сый менен мамиле кылып, тарыхый байланыштарга басым жасоо менен кызматташтыктын жагымдуу атмосферасын түзүүгө кошкон салымыңыздарды белгилеп кетким келет", - деди Эрбол Султанбаев.

КМШ маалыматтык кеңешинин күн тартибинде шериктештик өлкөлөрүнүн маалымат чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүсүн жана кызматташтыгын бекемдөө, ишмердүүлүктүн жыйынтыгын чыгаруу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана төраганы шайлоо маселелери бар.

Кеңештин ишине ТАССтын башкы директору Андрей Кондрашов, ТАССтын башкы директорунун орун басары Михаил Гусман, Беларусь телеграфтык агенттигинин (БелТА) башкы директору Ирина Акулович жана КМШнын медиа структураларынын башка көрүнүктүү өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий