• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандан 230га жакын абитуриент Сибирдеги жогорку окуу жайларга тапшырды

Билим 0

Бишкек, 12.09.23. /Кабар/. Кыргызстандан 229 абитуриент 2023-2024-окуу жылында Горно-Алтайск, Омск жана Томск шаарларындагы жогорку окуу жайларга тапшырышты, алардын 203ү бюджеттик негиздеги окууга өткөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугунун, ошондой эле КРнын Омск шаарындагы Ардактуу консулу Н.Исабек уулунун көмөгү менен 3-7-июлда Кыргызстанда жогорудагы окуу жайлардын документтерди кабыл алуу жана сынактарды өткөрүү боюнча көчмө кабыл алуу комиссияларынын иши уюштурулган.

КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу жана Нурсултан Исабек уулу Кыргызстандын мектептеринде Омск жана Томск университеттеринин кесипке багыт берүү иштерин жайылтууга көмөк берүүсүн улантууда.

Пикир

Оставить комментарий