• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Азербайжандын ЖОЖдорунда окуу үчүн гранттык орунга конкурс жарыяланат

Билим 0

Бишкек, 25.12.19. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларындагы даярдоо курстары, бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 2020-2021-окуу жылына бөлүнгөн бир гранттык орунга конкурс жарыялайт. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырууга зарыл:

  1. Арыз;
  2. Резюме (орус жана англис тилдеринде);
  3. Анкета, сөзсүз сүрөтү менен;
  4. Толтурулган өтүнмө формасы, сөзсүз сүрөтү менен;
  5. Билими тууралуу документ (англис тилине которулуп, нотариалдык тастыкталган);
  6. Паспортунун көчүрмөсү
  7. Медициналык маалыматы жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүгү (англис тилине которулган жана нотариалдык тастыкталган);
  8. Жүйөөлүк кат (орус жана англис тилдеринде);
  9. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк

Документтер 2020-жылдын 24-январына (саат 17.00 ) чейин берилиши керек. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 220-кабинет, маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.

Стипендияга төмөнкүлөр кирет:

- окуу үчүн төлөө акысы;

- эл аралык авиаучуулар (жылына бир жолу, эконом-класс);

- ай сайын берилүүчү стипендия;

- медициналык камсыздоо;

- визанын жана каттоонун баасы;

Курактык чектөөлөр:

- бакалавриат – 25 жашка чейин;

- магистратура – 30 жашка чейин;

- докторантура – 40 чейин.

Кыргыз тараптын конкурстук сынагынан кийин, министрлик тарабынан сунушталган талапкерлер Азербайжан тараптын кошумча тандоо конкурсунан өтөт (1. тиешелүү документтерди кароо; 2. Интервью онлайн).

Жогорку окуу жайлардын тизмеси:

• ADA University

• Azerbaijan University of Languages

• Azerbaijan State Agricultural University

• Azerbaijan State University of Economics

• Azerbaijan State University of Culture and Arts

• Azerbaijan State Oil and Industry University

• Baku Higher Oil School

• Azerbaijan State Pedagogical University

• Azerbaijan Arts Academy

• Azerbaijan University of Architecture and Construction

• Azerbaijan National Conservatory

• Azerbaijan Technical University

• Azerbaijan Medical University

• Azerbaijan University of Tourism and Management

• Baku State University

• Baku Engineering University

• Baku Slavic University

• Nakhchivan State University

• Baku Music Academy named after Uzeyir Hajibeyov

• Khazar University

• Ganja State University

Пикир

Оставить комментарий