• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте 8-9-майда айрым автобус жана троллейбустардын каттамы өзгөрөт. Тизме

Коом 0

Бишкек, 08.05.24. /Кабар/. Бишкекте 8-9-майда айрым автобус жана троллейбустардын каттамы өзгөрөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, айрым муниципалдык транспорттун каттамы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 79 жылдыгына арналган иш-чаралардын уюштурулушуна байланыштуу өзгөрмөкчү.

Мындан улам, №36 автобус каттамы, №2 жана №8 троллейбус каттамынын кыймыл чиймеси убактылуу өзгөрдү.

№36 автобус Абдрахманов көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинен Чүй проспектисине чейин каттайт.

№2 жана №8 троллейбустар Жибек Жолу проспектиси – Лермонтов көчөсү – Чүй проспектиси маршрут боюнча жүрөт.

Муниципалдык транспорттун каттамдары 10-майдан тарта кайра калыбына келет.

Көчөлөрдүн жабылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Пикир

Оставить комментарий