• 88.68
  • 95
  • 0.95

Талыкпаган эмгеги үчүн элдик сүйүүгө татыктуу болгон — Талгарбек Жакшылыковго жазылган некролог

Коом 0

Бишкек. 15.03.24. /Кабар/. 2024-жылдын 14-мартында оорудан улам Кыргыз Республикасынын Эл артисти, чыгаан опера ырчысы, А. Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын лауреаты, доцент Жакшылыков Талгарбек Каримович 60 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Талгарбек Жакшылыков 1964-жылы 23-октябрда Казак ССРинин Алматы облусунун Балкаш районундагы Куйган айылында төрөлгөн.

1982–1984-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн.

Жаштайынан өзгөчө үнү менен айырмаланып турган Талгарбек Жакшылыков 1986–1988-жылдары Ы. Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында алгачкы музыкалык билим алган.

1988–1993-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда “Жеке ырдоо”, “Опера жана концерт ырчысы, педагог” адистиги боюнча Кыргыз Республикасынын эл артисттери Марлен Темирбеков жана Владимир Муковниковдун жетекчилиги астында билимин уланткан.

1998-жылы ырчынын көптөн берки кыялы орундалып, “XXI кылымдын кадрлары” президенттик программасынын алкагында Италияга – бельканто өлкөсүнө эки жылдык стажировкага жөнөтүлгөн. Ырчы операда ырдоо өнөрүн атактуу вокал педагогу Марио Меланинин классында сабак алган.

Эмгек жолун алгач 1988-жылы студент кезинде А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын хорунун артисти катары сахнага чыгып баштаган.

1992–2019-жылдары театрдын жетектөөчү солисти болуп иштесе, 2005–2007-жылдары театрдын опера труппасынын инспектору кызматын айкалыштырып иштеген.

2007-жылдан өмүрүнүн аягына чейин К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо кафедрасында окутуучу катары эмгектенген.

Талгарбек Жакшылыков чет элдик жана кыргыз композиторлорунун операларында кырктан ашуун партияда ырдаган. Опера ырчысы каныккан, кооз үн тембри менен эң татаал партиялардын бөлүктөрүн аткара алган: Рамфис (Дж. Верди “Аида”), Гремин (П. Чайковский “Евгений Онегин”), Бартоло жана Дон Базилио (Дж. Россини “Севильский цирюльник”), Хан Кончак (А. Бородин “Игорь Князь”).

Мындан сырткары, улуттук репертуардагы спектаклдерде да ийгиликтүү ойногон, алардын ичинде В. Власов, А. Малдыбаев жана В. Ференин “Айчүрөк” жана “Манас” операларындагы Бакай, Чынкожо жана Коңурбайдын партияларын, Н. Давлесовдун “Курманбек” операсындагы татаал, драмалык жактан бай Теитбектин партиясын бөлүп көрсөтсө болот.

Талгарбек Жакшылыков К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында жеке ырдоо кафедрасынын окутуучусунан тартып кафедра башчысы, доценттик кызмат орундарына чейин көтөрүлүп, өзүнүн кесипкөйлүгүн опера искусствосунда гана көрсөтүү менен чектелбестен, мугалим катары жаш муундарга өзүнүн билимин, тарбиясын жана тажрыйбасын бере алган.

Талгарбек Жакшылыковдун маданиятка кошкон салымы мамлекет тарабынан бааланып: 1995-жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти”, 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл артисти” наамдары ыйгарылса, 2006-жылы А. Малдыбаев атындагы эл аралык музыкалык сыйлыктын ээси болгон.

Кесипкөйлүгү, талыкпаган эмгеги жана искусствого болгон жан аябас кызматы үчүн бүткүл элдик баалоого жана сүйүүгө татыктуу болгон.

Көрүнүктүү ырчы, жаратман, кыргыз элинин сыймыктуу инсаны Талгарбек Жакшылыковдун элеси ар дайым жүрөгүбүздө сакталат.

Маркумдун туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуу кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, Э.Ж. Байсалов. А.С. Кадыралиев, А.А. Максутов, К.Л. Сагынбаев, С.Н. Надырбеков, М.А. Бегалиев, Т.Т. Казаков, К.А. Осмонов, Т.А. Чокиев, Ж.О. Кулманбетов, И.М. Мамбетов, С. Асанкадыр, Р.М. Сырдыбаева, Г.К. Суранчиева ж.б.

Пикир

Оставить комментарий