• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Жыл башынан бери чек ара боюнча 10 жаңжал чыккан – МЧКнын төрагасы

Коом 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. 2018-жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстандын мамлекеттик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу болгон, бирок курч элементтер менен. Бул тууралуу Бишкектеги брифингде Мамлекеттик чек ара кызматынын (МЧК) төрагасы Уларбек Шаршеев билдирди.

Анын маалыматына караганда 2018-жылдын 9 айынын ичинде 10 чек ара окуясы болгон, бул былтыркы жылдын ушул убагына салыштырмалуу 4 окуяга аз. Анын ичинен кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде 7, кыргыз-өзбек чек ара тилкесинде 3.

“Отчёттук мөөнөт ичинде чек арачылар мамлекеттик чек араны бузган 149 адамды, мамлекеттик чек аранын режимин бузган 257 адамды, чек ара режимин бузган 28 адамды кармашкан”, - деди Шаршеев.

Пикир

Оставить комментарий