• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто жашоочулардын демилгеси менен эки көчөгө асфальт төшөлдү

Аймак 0

Ош, 16.10.18. /Кабар/. Ош шаарынын Амир-Темир аймактык кеңешинде эки көчөгө асфальт төшөлдү. Жолду асфальттоо үчүн жергиликтүү жашоочулар каражат топтогон. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин оңдоо зарылчылдыгы пайда болгон Адышев көчөсүнө 100 метр асфальт төшөлүп, 540 миң сом сарпталган. Каражат жашоочулар, жеке ишкерлер, шаардык кеңештин депутаты жана аймактык кеңеш тарабынан топтолгон.

Мындан тышкары Шолохов көчөсү 80 метр асфальтталды. Ага жашоочулар тарабынан 390 миң сом сарпталды.

Аталган аймактык кеңештин төрагасы М. Канатовдун айтымында, аткарылган иштер Аймактарды өнүктүрүү жылына карата демилгеленген.

Бүткөрүлгөн жолдор пайдаланууга берилди.

Пикир

Оставить комментарий