• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарында көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду. Даректери

Аймак 0

Бишкек, 08.11.23./Кабар/. Ош шаарында көмүрдү арзан баада сатуучу жайлар уюштурулду, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, көмүрдүн баасы 1 килограммга 5 сомду түздү.

Арзан баада көмүр төмөнкү даректер боюнча сатылууда:

  • "Амир-Тимур" муниципалдык аймактык башкармалыгы С.Айни №80 көчөсү;
  • "Туран" муниципалдык аймактык башкармалыгынын мамлекеттик кызмат көрсөтүү бюросу (Дачи кичи району);
  • "Жапалак" айылдык аймактык башкармалыгынын Татар айылындагы Т.Уларов №13 көчөсү.

Белгилей кетсек, аталган пункттарды Ош шаарынын мэриясы "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте уюштурган.

Пикир

Оставить комментарий