• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

КР Эл артисти Зинаида Петренко акыркы сапарга узатылды

Коом 0

Бишкек, 08.11.23. /Кабар/. Бүгүн Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус улуттук драма театрында КР Эл артисти Зинаида Петренко акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, маданият министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев, Театр ишмерлер союзунун президенти Жаныш Кулмамбетов, жакындары, кесиптештери жана күйөрмандары катышты.

Анда эл артисти Петренко Зинаида Михайловнанын 1975-жылдан Орус драма театрына ишке кирип, дээрлик элүү жыл бою орус театрында кызмат кылгындыгы, Кыргызстандын бардык аймактарында жана чет өлкөлөрдө гастролдо болгондугу, театр искусствосун өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, ийгиликтүү чыгармачылык жолу жана педагогикалык ишмердүүлүгү эскерилди.

Таланттуу актриса өмүрүнүн акыркы күндөрүнө чейин мыкты актриса, режиссер жана чыгармачыл насаатчы катары иштеп келгендиги айтылып, анын жаркын элеси түбөлүккө сактала тургандыгы баса белгиленди.

Зинаида Михайловна Петренко 1951-жылы 7-февралда туулган. Россиянын Уфа шаарында кесиптик билим алган. Кыргызстанга Орск шаарынан келген.

Театр искусствосуна кошкон салымы мамлекет тарабынан татыктуу бааланып, «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» жана «Кыргыз Республикасынын эл артисти» мамлекеттик сыйлыктарына татыган.

Пикир

Оставить комментарий