• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Боом капчыгайында атайылап таш түшүрүү иштери уланат

Коом 0

Бишкек, 5-июнь /Кабар/. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын берген маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылы 5-9-июнга чейин, Боом капчыгайындагы Бишкек-Нарын-Торугарт авто жолунун 122-чакырымында жүргүнчүлөрдүн коопсузудугуна кам көрүү максатында, таштарды мажбурлап түшүрүү иштери жүргүзүлөт.

Буга ылайык, 5-9-июнга чейин саат 09-00 дөн 15-00 чейин аталган чакырымда автоунаалардын кыймылы ИИМдин кайгуул кызматы тарабынан убактылуу токтотулуп турмакчы.

Ал эми, токтотулган унаалардын саны 30-40 чейин өсүп кетсе, таш түшүрүү иштери токтотулуп, унаалар кое берилет. Эскерте кетсек, таш түшүрүү иштери жарыкта жана күн жылууда аткарылат.

Аталган мекеме айдоочуларга ыңгайсыздык алып келгени үчүн алдын ала кечирим сурап, айдоочуларды бул ишке түшүнүү менен мамиле кылышын суранат.

Пикир

Оставить комментарий