• 88.68
  • 95
  • 0.95

Москвадагы "Кыргызстан" соода-көргөзмө борбору оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Коом 0


Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Москвадагы "Кыргызстан" соода-көргөзмө борбору оңдолууда, жакында колдонууга берилет. Бул тууралуу КР президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, мамлекетибиздин экономикасы кубаттанып, өлкө ичиндеги имараттарды эле эмес, башка мамлекеттеги Кыргызстанга таандык мүлктөрдү дагы оңдоп, элге кызмат көрсөтө тургандай шарттарды түзүп жатат.

"Москва шаарында жайгашкан (ВДНХ) "Кыргызстан" соода-көргөзмө борборунун имараты толук ремонттон өтүүдө. Бул жерде, мурдагы союздаш өлкөлөргө таандык павильондор бар. Кыргызстандан башкасы качан эле оңдоп, ар бир мамлекет өздөрүнүн улуттук-маданий борборуна айлантып алышкан.

Мындан бир топ жыл мурда “Кыргызстан” соода-көргөзмө борборун кыргызстандык ишкерлер инвестиция салып оңдоп, кызмат көрсөтүүчү маданий жайга айланткан. Тилекке каршы, 2016-жылы инвестор менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосунда ажырым болуп, кайрадан талкаланып, ушул кезге чейин кароосуз турган", - деп жазды ал.

Туманбаев белгилегендей, президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайрадан толук оңдолуп, жакында колдонууга берилүү алдында турат. Имаратты президенттин иш башкармалыгына караштуу "Кыргыздипсервис" ишканасы тейлейт. Бул жай - Москвада жүргөн мекендештерибиз чогулган маданий жайга айланат.

Пикир

Оставить комментарий