• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

АФК Кубогунун тайпалык этабы: Эртең "Абдыш-Ата" менен "Равшан" беттешет

Спорт 0

Бишкек, 09.11.23./Кабар/. 2023-2024 АФК Кубогунун тайпалык этабынын төртүнчү турунун алкагында канттык "Абдыш-Ата" клубу тажикстандык "Равшан" менен ойнойт.

Беттеш эртең, 9-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы саат 18:00.

Оюнду УТРК Спорт каналы түз алып көрсөтөт.

Эске салсак, 3-турдан кийин "Абдыш-Ата" 7 упай менен "Е" тайпасынын турнирдик жадыбалынын сап башында турса, 4 упай менен 2-орунду "Алтын-Асыр" ээлейт, "Мерв" (Түркмөнстан) жана "Равшан" (Тажикстан) командалары 2 упай менен 3-4 орундарда турат.

Тайпа ичиндеги "Алтын-Асыр" — "Мерв" ортосундагы оюн эртең Бишкек убактысы боюнча 20:00дө өтөт.

Пикир

Оставить комментарий