• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азия биринчилигинде кыргызстандык спортчулар 4 медалга ээ болушту

Спорт 0

Бишкек, 18.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Монголияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде жиу-житсу спорту боюнча кыргызстандык спортчулардын куржунунда 4 байге болду. Бул тууралуу аталган федерациядан кабарлашты.

Улан-Батор шаарында өтүп жаткан турнирде кыргызстандык спортчулар 2 күмүш, 2 коло медаль утушкан.

Далер Марасулов 69 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 3-орунду багынтса, Муртазали Муртазалиев жана Абдурахман Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан. Муртазали Муртазалиев - "күмүш", Абдурахман Муртазалиев – "коло" медалга ээ болушкан.

Төрөкан Багынбай уулу 77 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш байгеге илинген.

Пикир

Оставить комментарий