• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Дүйнө чемпионаты: Кыргызстандын кыз-келиндер курамасы командалык эсепте 8-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 22.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасы Дүйнөлүк чемпионатта командалык эсепте 56 өлкөнүн ичинен 8-орунду ээледи.

Ал эми 6 алтын,1 күмүш жана 1 коло медаль жеңип, 195 упай менен жалпы командалык эсепте биринчи сапка Япония курамасы жайгашты. АКШ курамасы 1 алтын, 2 күмүш жана 4 коло байгеге ээ болуп, 135 упай менен экинчи орунду ээледи. Ал эми Монголия курамасы үч күмүш медаль утуп, командалык эсепте 3-орунга жайгашты.

Эскерте кетсек, Дүйнө чемпионаты 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Аталган мелдеште кыргыз балбандары Айсулуу Тыныбекова алтын медалга татыса, Айпери Медет кызы күмүш медаль тагынды.

Кыз-келиндер күрөшүнүн жыйынтыгы:

50 кг чейин

  1. Юи Сусаки (Япония)
  2. Отгонжаргал Долгоряв (Монголия)
  3. Цзыци Фэн (Кытай)
  4. Сара Хельдебрант (АКШ)

53 кг чейин

  1. Акари Фудзинами (Япония)
  2. Ванесса Колодинская (Беларусь)
  3. Люция Йепез Гусман (Эквадор)
  4. Антим Антим (UWW)

55 кг чейин

  1. Харуна Окуно (Япония)
  2. Джакарра Винчестер (АКШ)
  3. Мариана Драгутан (Молдова)
  4. Анастасия Блайвас (Германия)

57 кг чейин

  1. Цугуми Сакураи (Япония)
  2. Анастасия Ничита (Молдова)
  3. Одунайо Адекуоройе (Нигерия)
  4. Хелен Марулис (США)

59 кг чейин

  1. Ци Чжан (Кытай)
  2. Юлия Ткач (Украина)
  3. Дженнифер Роджерс (АКШ)
  4. Отели Хойи (Норвегия)

62 кг чейин

  1. Айсулуу Тыныбекова (Кыргызстан)
  2. Сакура Мотоки (Япония)
  3. Грейс Буллен (Норвегия)
  4. Ирина Коляденко (Украина)

65 кг чейин

  1. Нонока Озаки (Япония)
  2. Мэйси Килти (АКШ)
  3. Лили Лили (Кытай)
  4. Мими Христова (Болгария)

68 кг чейин

  1. Бусе Тосун (Түркия)
  2. Дельгермаа Энхсайхан (Монголия)
  3. Кумба Ларрок (Франция)
  4. Ирина Рингачи (Молдова)

72 кг чейин

  1. Амит Элор (АКШ)
  2. Даваанасан Энх Амар (Монголия)
  3. Жамиля Бакбергенова (Казакстан)
  4. Мива Морикава (Япония)

76 кг чейин

  1. Юка Кагами (Япония)
  2. Айпери Медет Кызы (Кыргызстан)
  3. Татьяна Рентерия (Колумбия)
  4. Аделина Грей (АКШ)

Пикир

Оставить комментарий