• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Бишкектик спортчулар Кремлдин кубогу үчүн күч сынашууда

Спорт 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 13-18 -сентябрында "Лужники" спорт сарайында (Москва) бильярд спорту боюнча Кремлдин кубогу өтөт.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, ага мэриянын дене тарбия жана спорт башкармалыгына караштуу бильярд жана велоспорт боюнча спорттук мектептин окуучулары, тактап айтканда эркектер арасындагы "Комбинацияланган пирамида" оюнуна катышат.

Бул турнирдин катышуучулары Дүйнө чемпиондугуна барышты:
- Сагынбаев Каныбек;
- Сыдыков Канат;
- Мадаминов Азиз;
- Абдыкаров Мирлан;
- Ызатбек Ратбеков;
- Карагулов Улукман;
- Эседдинов Камалитдин;
- Калыбек уулу Арсен;
- Мурзабаев Адилет;
- Биз Владимир.

Бишкек мэриясы спортчуларга ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий