• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте дзюдо боюнча ачык турнир өттү

Спорт 0

Бишкек, 19.12.23. /Кабар/. Бишкекте дзюдо боюнча 2008-2009-жылдары туулган улан жана кыздар арасында ачык турнир өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, спорттук иш-чара Улуттук дзюдо федерациясынын биринчи президенти Жыргалбек Сурабалдиевдин жаркын элесине арналып уюштурулган.

Ачылыш аземге Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Талайбек Масабиров жана Элвира Сурабалдиева катышты.

Белгилей кетсек, мелдеш 13-14-декабрь аралыгында "Газпром-Балдар" спорттук-эс алуу борборунда 350 спортчунун катышуусунда өттү.

Турнирдин жыйынтыгында орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

30 кг чейинки салмак категориясында:
1-орун – Рахатбекова Жамиля;
2-орун – Нурайым Шамшибекова;
3-орун – Амина Махаматова;
3-орун – Айгерим Ниязбекова.

33 кг чейинки салмак категориясында:
1-орун – Айнуска Алмасбекова;
2-орун – Айбийке Сатыгулова;
3-орун – Каныкей Үсөнбаева;
3-орун – Виктория Маркина.

36 кг чейинки салмак категориясында:
1-орун – Кадыралиева Найма;
2-орун – Мадина Махаматова;
3-орун – Каныкей Аргимбаева;
3-орун – Аруке Талантбекова.

Турнирдин максаты Кыргызстандын калкынын арасында дзюдону өнүктүрүү жана жайылтуу, спортчулардын чеберчилигин жогорулатуу болуп саналат.

Спорттук иш-чараны Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаменти жана Дзюдо федерациясы уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий