• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте көркөм гимнастика боюнча өлкөнүн чемпионаты өттү

Спорт 0

Бишкек, 24.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарында 20-21-март күндөрү көркөм гимнастика боюнча Кыргызстандын чемпионаты өттү. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдешке жалпысынан 73 спортчу катышты. Мелдештин катышуучулары скакалка, топ, булава жана алкак сыяктуу дисциплиналарда жарышты.

Спорттук иш-чаранын ачылуу аземине биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков, Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов, Гимнастика федерациясынын президенти Асад Асадов катышты.

Чемпионатта алдыңкы орунду ээлеген спортчулар диплом, медалдар менен сыйланышты.

Жеңүүчүлөр менен байгелүү орун ээлери:

Сениорлор (2002-2005-жылкы):

1-орун – Айша Изабекова;

2-орун – Агата Быковская;

3-орун – Карина Мустафина.

Юниорлор (2006-2008-жылкы):

1-орун – Карина Сапаева ;

2-орун – Тинатин Сатыкеева;

3-орун – Эрвина Байрамова.

Пикир

Оставить комментарий