• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: “Манчестер Сити” командасы “ПСЖны” жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 29.04.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалынын алгачкы беттешинде “Манчестер Сити” менен “ПСЖ” командасы менен оюн өткөрдү.

Оюн 2:1 эсебинде англиялык команданын утушу менен аяктады. Беттештин 15-мүнөтүндө франциялык команданын оюнчусу Маркос Аоас алгачкы гол киргизди. Ал эми англиялык клубдун оюнчулары Кевин Де Брейне, Рияд Марез бирден гол жараткан.

Эки команданын жооптук беттеши 5-майда өтөт.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын жарым финалында жогорудагы эки командадан сырткары “Реал” менен “Челси” командалары бар. Алардын алгачкы оюну кечээ, 28-апрелде өтүп, тең чыгуу менен жыйынтыкталган.

Пикир

Оставить комментарий