• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Футзал боюнча Азия чемпионаты: Эртең КР менен Тайланд беттешет

Спорт 0

Бишкек, 05.02.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Эртең футзал боюнча Кыргызстандын курамасы Азия-2018 чемпионатынын алкагында Тайландтын курамасы менен беттешет. Бул тууралуу КР футбол федерациясынан кабарлашты.

Тайпалык этап боюнча Кыргызстан акыркы оюну эртең Тайландын курамасы өткөрөт. Беттеш саат 17:00дө (Бишкек убактысы боюнча) болот, оюнду КТРК СПОРТ каналы жана АФКнын Youtube расмий баракчасынан көрүүгө болот.

Эске сала кетсек, КР спортчулары биринчи оюнда Ливан менен ойноп, тең чыгышкан. Иорданиянын курамасы менен болгон экинчи беттеш 1:3 эсебинде жыйынтыкталган.

Пикир

Оставить комментарий