• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чемпиондор лигасы: “Реал” командасы “Челси” менен тең чыкты

Спорт 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Футбол боюнча Чемпиондор лигасынын жарым финалынын алгачкы беттешинде испаниялык “Реал” англиялык “Челси” командасы менен оюн өткөрдү.

“Альфредо ди Стефано” стадионунда өткөн оюн 1:1 эсебинде аяктады. Беттеште алгачкы голду англиялык команданын оюнчусу Кристиан Пулишич киргизсе, оюндун 29-мүнөтүндө “Реалдын” чабуулчусу Карим Бензема гол жаратты.

Эки команданын жооптук беттеши 6-майда өтөт.

Эскерте кетсек, Чемпиондор лигасынын жарым финалында жогорудагы эки командадан сырткары “ПСЖ” менен “Мачестер Сити” командалары бар. Алардын алгачкы оюну эртең, 29-апрелде өтөт.

Пикир

Оставить комментарий