• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 31.01.24./Кабар/. 3-4-февраль күндөрү Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде дзюдо боюнча өспүрүмдөр арасында Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалытка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

Кыздар арасында: 40, 44, 52, 48, 57, 63, 70, +70 кг;

Балдар арасында: 50, 55, 60, 66, 73,81, 90, +90 кг.

Мелдештин програмасы:

- башталышы: 3-февраль, саат 10:00;
- балтанаттуу ачылыш аземи: 3-февраль, саат 15:00.

Пикир

Оставить комментарий