• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абад облусунун башчысы жетектеген делегация Кытайга барды

Аймак 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Абсаттар Сыргабаев жетектеген делегация Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна барды.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, сапардын алкагында Шихецы шаарынын мэри Гэ Чжихой менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Жалал-Абад облусу менен Шихецы шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу, инвестициялык климатты түзүүдөгү артыкчылыктуу багыттарды талкуулашты. Облус башчысы аймакта айыл чарбасы, чакан ГЭС куруу, тоо-кен тармагы, курулуш жана кайра иштетүү багыттарын өнүктүрүүдө ири мүмкүнчүлүктөр бар экенин белгиледи.

Жумушчу делегация Шихецы шаарындагы айыл чарбасын өнүктүрүү багытындагы бир катар заводдор, өндүрүштүк мекемелерди, курулуш жаатында иш алып барган компаниялардын жана шаар коммуникациясын электрондук башкаруу мекемелеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий