• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Т.Сатылганов атындагы эс алуу жайын реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 19.12.17./Кабар/. Кечээ, 18-декабрда шаар башчысы Айтмамат Кадырбаев Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу жайынын реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Кадырбаевдин айтымында азыркы тапта аталган эс алуу багында төрт долбоор бирдейинен ишке ашып жатат.

“Жергиликтүү бюджеттен быйыл 20 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Учурда эс алуу жайга кире бериштеги түркүктүн курулушу, иригация, түнкү жарык жана канализация сыяктуу төрт долбоор ишке ашып жатат. Бул системаларды оңдоп-түзөө иштери кийинки жылдын биринчи кварталында бүтөт. Андан соң, түрк адистери менен биргеликте иштелип чыккан долбоорду ишке ашырып, эс алуу жайдын 100 жылдыгына арнап капиталдык иштери 2018-жылдын төртүнчү кварталында аяктайт”,-деди А.Кадырбаев.

Белгилей кетсек, эс алуу жайдын түнкү жарык системасы 90%га бүтүп, калган долбоорлордун да үстүнөн кызуу иш жүрүп жатат. Т.Сатылганов атындагы парк 9 аянттан туруп, карылар, балдар, жаштар жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн ыңгайлуу шарттары менен заманбап түрдө бүткөрүлөт.

Эске салсак, үч жарым жыл аралыгында Ош шаарында “Космонавттар”, “Жеңиш”,”Ата-Түрк”, “Балдар сквери”, “Шаардык сквер”, “Семетей” жана “И.Раззаков” эс алуу жайлары толугу менен оңдоп түзөөдөн өтүп, шаардыктарга пайдаланууга берилген. Башкача айтканда, шаардагы эс алуу бактарынын 98% капиталдык ремонттон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий