• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Борочоров: Пансионаттардын жетекчилери өздөрүнүн аймактарындагы туристтердин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү

Аймак 0

Бишкек, 03.07.18. /Кабар/. Пансионаттардын жетекчилери өздөрүнүн аймактарындагы туристтердин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү. Бул тууралуу бүгүн, 3-июлда “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик экотехинспекциянын экологиялык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы Талант Борочоров билдирди.

Анын айтымында, туристтик сезондо скутер жана башка суу транспортторунун катышуусу менен бир катар жагымсыз окуялар болуп турат.

“Биз бул багытта иштеп, жергиликтүү бийликтегилер менен биргеликте пансионаттардын жетекчилерине туристтердин коопсуздугуна болгон жоопкерчиликти жүктөдүк. Ошондой эле коопсуздук үчүн жана суу транспортун токтотуучу, май куюучу, аны тейлөөчү жайларды салуу үчүн аларга суу транспортун колдонуу эрежелерин тапшырдык. Мындан сырткары жетекчилерге өздөрүнүн аймагындагы суу транспортун колдонуудагы коопсуздук үчүн жоопкерчиликти жүктөдүк. Буга чейин пансионаттардын жетекчилери транспорт алардыкы эмес экенин айтып, жоопкерчилик алышчу эмес. Быйыл бардык жоопкерчилик аларга өткөрүлдү. Учурда суу транспортун каттоо жана алардын абалын баалоо жүргүзүлүүдө”, - деди Борочоров.

Мамлекеттик экотехинспекциянын Чолпон-Ата, Балыкчы шаарлары, Ысык-Көл, Тоң району боюнча регион аралык башкармалыгынын башчысы Тилек Текебаевдин билдиргенине караганда, Ысык-Көлдө 28 ири өлчөмдөгү кемеге уруксат берилип, 33 кеме билети скутер сыяктуу кичи кемелерге берилди.

Пикир

Оставить комментарий