• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош шаарындагы калктын аярлуу катмарына 22 млн сомдон ашык каражатка жардам көрсөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 26.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарындагы калктын аярлуу катмарына 22 млн сомдон ашык каражатка жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев брифингде билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан калктын аярлуу катмарына деп 18 млн 222 миң 400 сом бөлүнгөн.

"Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан 4 млн сомдон ашык каражат берилген. Алардын баары таратылып бүттү. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттен да акча каралган", - дейт ал.

Турдуев маалымдагандай, учурда да жарандардан кайрылуулар келип түшүүдө.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий