• 88.68
  • 95
  • 0.95

Жалал-Абадда мектеп формасы тигиле баштады

Аймак 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында биринчи жолу мектеп окуучуларынын формасы тигиле баштады, - деп билдирет шаардык мэриянын басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, тигилип жаткан мектеп формасы сапаты жогору жана баасы арзан болгону менен айырмаланат. Тигүү жайында азырынча 20 тигүүчү кыз иштеп жатат, аларга бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Ал эми тигүү жайы менен таанышып барган Жалал-Абад шаарынын жетекчилиги жеке ишкерлерди колдоого алаарын билдирди.

Б"уга чейин эгемендик жылдарында Жалал-Абад шаарында заманбап үлгүдөгү тигүү ишканасы болгон эмес. Быйыл биринчи жолу өз ишин баштап жаткан “Баян-стиль” тигүү жайында азыр 20 тигүүчү иштеп жатат. Ишкананын директору Абдыбакы Имаров мындан ары тигүүчү машиналарды көбөйтүп, кийимдердин ар кайсы түрлөрүн тигүү колго алынарын айтат", -деп айтылат маалыматта.

Тигилип жаткан кийимдер азырынча жергиликтүү базарларга гана чыгарылууда. Эгер кардарлар көбөйсө, тигүү жайы дагы да кеңейтилип, 120 адамды иш менен камсыз кылуу мүмкүндүгү бар. Ал эми тигүүчүлөр иштегенине жараша 20 миң сомдун тегерегинде айлык маяна алышат.

Пикир

Оставить комментарий