• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо бардык санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен ѳткѳрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.06.20. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Ысык-Кѳл облусундагы Түп районунун Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысын шайлоо ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын кызмат ордуна 2 талапкер - мамлекеттик администрациянын башчысы-аким тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Чоркозов Эрлан Акматович жана айылдык кеңештин дептутаттар тобу тарабынан кѳрсѳтүлгѳн Курманов Иманбек Карыбаевич катталган.

Маалымат иретинде: Арал айыл ѳкмѳтүнүн башчысы берген арызынын негизинде 2020-жылдын 27-февралында ээлеген кызматынан бошотулган.

КР БШК 2020-жылдын 23-мартындагы токтомуна ылайык айыл ѳкмѳтүнүн жаңы башчысын шайлоо 2020-жылдын 24-мартына дайындалган.

Коронавирус пандемиясынан (COVID-19) улам ѳзгѳчѳ кырдаал режими киргизилгендигине байланыштуу шайлоолор 2020-жылдын 23-мартында токтотула турган.

КР БШК 2020-жылдын 26-июнундагы токтомуна ылайык токтотула турган айыл ѳкмѳттѳрүнүн башчыларын шайлоо 2020-жылдын 29-июнунан тартып кайра жандандырылган, ал эми добуш берүү күнү 30-июнь аныкталган, анткени шайлоолор токтотула турган күндѳн алар аяктаганга чейин бир күндүк мѳѳнѳт калган.

«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» КР Мыйзамына ылайык айыл ѳкмѳтүнүн башчыларын шайлоо жашыруун добуш берүү аркылуу жергиликтүү айлдык кеңештин депутаттары тарабынан жүргүзүлѳт.

Арал айылдык кеңешинде 11 депутат бар. Айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кѳпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелинет.

Шайлоо Түп аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан ѳткѳрүлдү.

БШКнын токтомуна ылайык жергиликтүү мамлекеттик орган жана ЖӨАБ органы менен бирдикте Түп АШК тарабынан эпидемиологиялык коопсуздукту жана жарандардын ден соолугун сактоону камсыз кылуу үчүн тѳмѳндѳгү чаралар кабыл алынган:

- шайлоонун алдында добуш берүү үчүн орун-жайлар, ошондой эле үстүнкү беттер толук түрдѳ дезинфекцияланган,

- шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосунда 1,5-2 метрлик аралыктарды сактоо үчүн белгилер коюлган. Шайлоого 11 депутат катышарын эске алуу менен, ал эми жол-жободо 3 саат аралыгында добуш берүү мүмкүнчүлүгү каралгандыгынан улам, арлыктарда жана убакыттарда катышуучуларды дистанциялоо үчүн мүмкүнчүлүктѳр бар.

- добуш берүү үчүн жайдын кире беришинде жана бюллетендерди берүүчү жерде санитайзерлер коюлган, ал эми кире бергенде контаксыз термометр менен дене табы ѳлчѳндү.

- алгоритмге ылайык шайлоонун бардык катышуучуларына АШК тарабынан жеке коргоо каражаттары – бир жолку бет кап жана кол кап берилген,

- шайлоо процессинен бүткүл жүрүшүндѳ материалдарды жана предметтерди дезинфекциялоо жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий