• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баетов – Макмал унаа жолунун 6 чакырым аралыгына асфальт төшөлүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.08.23. /Кабар/. Нарын облусунун Баетов – Макмал унаа жолунун 4,5 км - 10 км бөлүгүнө асфальт-бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпысынан жолдун 6 чакырым аралыгына асфальт төшөө пландалган. Учурда 230 метр жол асфальтталды.

Жол куруу иштерин "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Нарые филиалынын №15 жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө.

Пикир

Оставить комментарий